Ошондой эле «бир адамдын жеке кызыкчылыгы үчүн жазып алган Баш мыйзамы жалпы элдин, мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн иштебей турганы тастыкталганын», партиялык шайлоо системасы «кызылдай бизнеске айланып кеткенин» белгилейт.
«Жогорку Кеңешке ар бир орун 200 миң доллардан баштап, 1 млн. долларга чейин сатылып калган. Эл да добуштарын сата баштады. Себеби Текебаев түзгөн башкаруу система ушул абалга алып келди. Биз бул балээни жок кылып жатабыз. Мындан ары добуш сатып алуу түп-тамыры менен жок болот», — дейт жазды ал.