Дүйнөнү 2021-жылы гуманитардык оор каатчылык күтөт. Бул тууралуу БУУнун дүйнөлүк азык-түлүк программасынын директору Дэвид Бизли билдирди.
Анын айтымында, мындай каатчылык акыркы 75 жылдан бери боло элек. Акыркы төрт ири аскердик чатактар дүйнөдө ачкачылыкка кабылгандардын санын көбөйттү. Соңку жылда алардын саны 80 миллиондон 135 миллионго жетти. Пандемия учурунда дүйнө боюнча азык-түлүккө муктаж адамдардын саны 270 миллионду түздү.
БУУ каатчылыкты жеңүү үчүн каражат жетишсиздигин, ресустар пандемия менен күрөшүүгө жумшалганын белгилейт.
«Биз 19 триллион долларды жумшагандыктан акча каражаты 2021-жылы болбошу ыктымал. Экономикалар төмөндөп, ал эми муктаждык эки эсе өсүүдө», — дейт Дэвид Бизли.
Дэвид Бизли дүйнө лидерлерине 2021-жылы туруктуулукка, миграция жана ачкачылыкка өзгөчө көңүл бөлүүнү сунуштады.