12:22, 03 декабря 2020, Бишкек - 24.kg
Мурдакы премьер-министр Кубатбек Боронов коронавирустан дарыланууда. Бул тууралуу 24.kg агенттигине анын жардамчысы билдирди.
Анын айтымында, Кубатбек Бороновдун ахыбалы жакшы.
«Жандандыруу бөлүмүндө жатат деген маалымат калп. Кубатбек Айылчиевичтин ден-соолугу жакшы, туруктуу. Учурда Бишкек шаарындагы ооруканалардын биринде дарыланып жатат. Ал коронавирус жуктуруп алган», — дейт ал.
Кубатбек Боронов коронавирус инфекциясынын биринчи толкуну күч алган кезде, 16-июнда премьер-министр болуп дайындалды. Кызматтан 6-октябрда өз ары менен кетти.