Каныбек Исаковдун ысымын Ош мамлекеттик университетине ыйгаруу сунушталууда

11:30, 03 декабря 2020, Бишкек - 24.kg

Бүгүн, 3-декабрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар тарабынан бир катар маселелер көтөрүлдү.

Маселен, депутат Жанарбек Акаев коронавирус илдетинен кыргыздын чыгаан инсандары каза болгондугун белгилөө менен анын ичинен мурдагы Билим берүү жана илим министри Каныбек Исаковдун ишмердүүлүгүнө токтолду.

«Бул инсандын атын түбөлүккө калтыруу максатында Ош мамлекеттик университетине ыйгарууну сунуштайм», — деди ал.