Бишкек шаарынын мэринын жаңы жылдык балатасы болбойт

09:58, 03 декабря 2020, Бишкек - 24.kg

Бишкек шаарынын мэринин жаңы жылдык балатасы болбойт. Бул тууралуу вице-мэр Жамалбек Ырсалиев КТРКнын түз эфиринде билдирди.

Анын айтымында, балдар балатыга чогултулбайт. Бирок, 2 миңдей балага белек жеткирилет.

Белгилей кетсек, быйыл пандемияга байланыштуу жаңы жылдык кечелерге тыюу салынган. Бишкек мэриясы акча каражатын үнөмдөп шаарды кооздобой турган болду.