Академик Мамбет Мамакеев Гиннес китебинин дипломун алды

09:02, 03 декабря 2020, Бишкек - 24.kg

Академик Мамбет Мамакеев Гиннес китебинин дипломун алды. Бул тууралуу Улуттук хирургия борбору өзүнүн Facebook баракчасында билдирди.

Мамбет Мамакеевдин рекорду 2020-жылдын 29-февралында белгиленген. Ал бул күнгө чейин 67 жыл 181 күн тынымсых хирургия тармагында иштеген. Азыр дагы жаш курагына карабай ар кандай операция жасоону улантууда.