COVID-19. Өткөн суткада 2 киши каза тапты

10:25, 02 декабря 2020, Бишкек - 24.kg

COVID-19 илдетинен 2 бейтап каза тапты. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирет.

Бишкек шаарында жана Ош облусунда бирден бейтап көз жумду.

Март айынан бери коронавирустан 1 миң 277и киши көз жумду.