Акыркы эки айда коронавирус жуктуруп алган окуучулар көбөйдү

09:10, 02 декабря 2020, Бишкек - 24.kg

Кыргызстанда акыркы үч айдын ичинде мектеп курагындагы 683 бала коронавирус жуктуруп алды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, сентябрда окуучулардын арасында COVID-19 жуктурган 48, октябрда 315 жана ноябрда 320 учур катталды.

Вируска чалдыккан балдардын саны боюнча Бишкек шаары алдыда, андан кийинки орундарда Чүй жана Ысык-Көл облустары жайгашкан. Окуучулардын арасында коронавирус Нарын облусунда эң аз катталган.

11-ноябрдан тартып өлкө аймактарындагы 1489 мектепте 1-6-9-11-класстар кадимки режимде окуй башташкан.