COVID-19. Дагы төрт киши каза болду

11:09, 01 декабря 2020, Бишкек - 24.kg

COVID-19 илдетинен дагы төрт киши каза болду. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.

Чүй облусунда жана Талас облусунда бирден, Ош облусунда 2 бейтап көз жумду.

Март айынан бери 73 миң 178 киши коронавируска чалдыгып, анын 1 миң 275и көз жумду.