COVID-19. Бир суткада 371 кишиден вирус аныкталды

11:03, 01 декабря 2020, Бишкек - 24.kg

Бир суткада 371 кишиден вирус аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда, Бишкек шаарында — 69, Ош шаарында- 3, Чүй облусунда — 126, Ош облусунда — 11, Талас облусунда — 11, Нарын облусунда — 3, Ысык-Көл облусунда — 36, Жалал-Абад облусунда — 86 жана Баткен облусу — 26 кишиден вирус аныкталды.

Март айынан бери 73 миң 178 киши коронавируска чалдыкты.