Алай районунда 60 орундуу жугуштуу оорукана ачылды

10:38, 01 декабря 2020, Бишкек - 24.kg

Алай районунда 60 орундуу жугуштуу оорукана ачылып, колдонууга берилди. Бул тууралуу өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгү билдирет.

Мааалыматка караганда, аталган имарат 1996-жылы курулуп, мектеп катары колдонууга берилген. Пандемия маалында зарылчылыктан улам кайрадан оорукана катары иштетүү боюнча буйрук чыгарылып, оңдоп — түзөө, жабдуу жумуштары толук бойдон жергиликтүү бюджеттен, райондук өнүктүрүү фондунан жана жеке демилгелер менен ишке ашырылды.

Учурда толук бүткөрүлүп, жабдылган портативдуу рентген да орнотулган оорукана, коронавирус илдетин жугузуп алгандарды кабыл алат.