21:28
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

Бишкекте балаты орнотулуп баштады

Бишкекте үч балаты орнотулуп баштады. Бул тууралуу мэрия билдирди.

Маалыматка ылайык, «Тазалык» ишканасынын кызматкерлери Ала-Тоо аянтында 25 метрлик, «Ак үйдүн» алдына 15 метрлик жана филармониянын алдында 11 метрлик үч балатыны орното башташты.

«Учурда 30 кызматкер иштеп жатат. Балатыларды орнотууга үч күн кетет. Андан кийин «Бишкекжарык» балатыларды кооздой баштайт. Мындан тышкары шаарыбыздын негизги көчөлөрүнө жаңы жылдык оюнчуктар илине баштады. Биз былтыркы жасалгаларды пайдаланып жатабыз», — дешти мэриядагылар.

Эң көп окулган жаңылыктар