09:28, 30 ноября 2020, Бишкек - 24.kg
Жогорку окуу жайлары Жаңы жылдан кийин ачылат. Бул тууралуу өзүнүн Twitterдеги баракчасына вице-премьер-министр Эльвира Сурабалдиева жазып чыкты.
Ал жарандарды бир аз чыдап турууга чакырды. «Бала бакчаларын ачуу маселеси шаарларда татаалыраак, аны чечип жатабыз. Оор абалдагы жана өнөкөт оорулуулардын агымын көтөрө алабызбы — маселе ошондо», — деп жазды ал.
Эльвира Сурабалдиеванын айтымында, мектептер жабылгандыктан, ата-энелер мугалимдер менен сүйлөшүп, акча төлөп, балдарын өзүнчө окутуп жатышат.
«Мектептерди ачуу боюнча бир гана маселе турат — окуу жайларын ата-энелердин жана мугалимдердин өтүнүчү менен ачуу. Алар ижарага бөлмө алып, балдарын окутуп жатышат. Мындай махинациялардын мааниси барбы?» — дейт аткаминер айым.