16:39, 27 ноября 2020, Бишкек - 24.kg
Бул адам үйдө калып, өтө зарыл болгон учурларда гана үйдөн чыгуучу аракет. Бул COVID-19 вирусу чыкканда киргизилүүчү өзгөчө кырдаал учурундагы эң эле натыйжалуу чаралардын бири.
акыл-эстүүлүктү көрсөтүп, коомдун жана өзүнүн жакындарынын астындагы социалдык жоопкерчиликти моюнга алып, айланадагылар менен болгон байланыштарды чектөө.
Жеке гигиена эрежелерин сактоону улантуу. Колду тез-тезден 20 секунддан кем эмес самындап жууп туруу же аларды спирт камтылган антисептик менен тазалоо, муну өзгөчө коомдук жайларга (дүкөн, дарыкана, подъезд) барып келген сайын аткаруу. Ал эми жөтөлгөндө жана чүчкүргөндө ооз жана мурунду кагаз кол аарчы менен жабуу же чыканактын бүгүлгөн жерине чүчкүрүү жана жөтөлүү.
Ар бир 1,5 саатта бөлмөнү желдетип туруу жана үйдү нымдуу тазалоонун санын көбөйтүү, эшиктин туткаларын тазалоо, ошондой эле гаджеттерди (ноутбук, смартфон, телефон ж.б.) дезинфекциялоо. Телефонду бетке тийгизбей, смартфондор үчүн кулакчындарды пайдалануу. Бирок аларды дагы 70%дык спирт менен үзгүлтүксүз сүртүп туруу зарыл.
Үй-бүлөнүн бардык мүчөлөрүнүн өз алдынча бир нерсе менен алек болуусун уюштуруу керек. Үйдү толук тазалоону баштоого, үй кинотеатрын уюштурууга, үй-бүлөлүк оюндарды ойноп убакыт өткөрүүгө, сүрөт тартуу, китеп окуу, чет тилдерди үйрөнүү жана башкалар менен алектенүүгө болот. Бул ашыкча кооптонууну азайтууга жана өзгөчө кырдаалдар учурунда бири-бириңерди колдоого жардам берет.