Жүрөк-кан тамыр оорулары жана ага COVID-19дун таасири

11:27, 27 ноября 2020, Бишкек - 24.kg

Фото

Кыргызстанда жүрөк-кан тамыр ооруларынан өлүм алдынкы орунда турат. COVID-19 вирусу дагы жүрөк илдеттерин оорлотору белгилүү.

24.kg Мирсаид Миррахимов атындагы Кардиология жана терапия улуттук борборунун директору Акпай Сарыбаев менен жүрөк ооруларынын алдын-алуу жолдорун сүйлөштүк.

— Кыргызстанда жүрөк-кан тамыр ооруларынан өлгөндөр жалпы статистиканын жарымын түзөт экен. Эмнеге мынча көп? Даарыгерлер жаман дарылашабы, же жарандар өз саламаттыгына көңүл бөлбөйбү?

— Биринчиден, жүрөк-кан тамыр ооруларынан өлүм өнүккөн өлкөлөрдө дагы биринчи орунда турат. Бирок, биздеги өлүм евразия аймагы боюнча жогорку орунда.

Бул оорунун себептерин экиге бөлүүгө болот. Алардын бири — тубаса жана жаш курак.

Бирок, көбүнчө бул жашоо образы. Мында адам өзү өзүнүн саламаттыгына таасир берет.

Акпай Сарыбаев

Оорунун өрчүп кетишине тамеки чегүү, гипертензия, канда холестериндин жогорку басымы, спирт ичимдиктерин ашыкча ичүү, ашыкча салмак жана кыймылдын жоктугу дагы таасир берет.

Ошондуктан кан басымды көзөмөлгө алуу керек. Мектеп курагынан тарта жок деген жылына бир жолу текшерүүдөн өтүү зарыл. 18 жаштан кийин дарыгерлердин кароосунан өтүнүү салтка айлантып, дени сак жашоого аракет кылуу абзел. 35 жаштан өткөндөр кан басымын улам текшерип турганы оң.

Акыркы иликтөөлөр 18 жаштан жогорку ар бир экинчи кыргызстандыктын кан басымы өйдө экендигин көрсөттү. Бул калктын 48,7 пайызы.

Акпай Сарыбаев

Кыргызстандын калкынын 25,7 пайызы тамеки тартат, 23,1 пайызы ашыкча салмактуу. 74 пайызы жер-жемиш жана мөмө-жемиштерди аз жейт. 26,9 пайызы өтө туздуу тамактанса, 83 пайызы аз кыймылдуу. Бул көрсөткүчтөрдөн калктын 94 пайызында жүрөк-кан тамыр ооруларына чалдыгууга толук мүмкүнчүлүгү бар десек болот.

Советтер Союзу кулагандан кийин жүрөк илдеттери 75 пайыздан 85 пайызга өстү. Ага экономикалык каатчылык, саламаттыкты сактоо тармагынын бүлүнүүсү, элдин жашоо шартынын начарлашы жана башка дагы бир топ себептер түрткү болду. Адам баласы жегенге нан таппай жаткан учурда пайдалуу азыктар тууралуу ойлоно алабы? Көптөр азыр дагы керектүү дарыларды сатып ала албайт. Заманбап медицинаны өлкө калкынын 5-10 пайызы гана колдоно алат.

2010-жылга чейин абал оор болду. Бирок, азыр жүрөк-кан тамыр ооруларынын азайганы байкалат. Мында кардиолог, үй-бүлөлүк дарыгердин дагы саламы бар, негизгиси — калктын жашоо деңгээли бир аз жакшырды.

— Пандемия учурунда жүрөк-кан тамыр ооруларынын статистикасы өзгөрдүбү?

— COVID-19дун канчалык абалды оорлотконуна азыр баа берүү татаалыраак. Жылдын аягында статистикалык маалыматтарды чогултуу керек. Ошондо гана жүрөк-кан тамыр оорулары көбөйдүбү же жокпу, ага коронавирустун таасири боюнча бүтүмдөөгө болот.

Кыргызстанда жылына жүрөк-кан тамыр ооруларынан 18 миң киши каза табат.

Акпай Сарыбаев

— Бирок, COVID-19 жүрөк илдети барларга өтө коркунучтуу?

— Жүрөк-кан тамыр оорулары коронавирусту жуктуруп алуу коркунуч жаратпайт. Бирок, вирус жуккан болсо, ал COVID-19дун оор формасына кабылат.

Андыктан алар санитардык талаптарды сактап, эл чогулган жерге барбашы керек. Жүрөк илдети бар бейтаптар азыркы пандемия мезгилинде өз дарыгерине көрүнүп, анын кеңештерин аткарып турушу шарт. Тийиштүү дарыларды үзгүлтүксүз ичип турушу керек. Бул коронавирус жугуп калса дагы аны жеңил ооруп өтүүгө жардам берет.

— COVID-19дун жүрөк-кан тамырларына зыяны айтылып келет. Мындай бейтаптарга кандай жардам көрсөтүлөт?

— Бул жаңы инфекция, ал жетиштүү түрдө иликтенген эмес. Органдарга таасирип изилденүүдө. Байкоо жүрүп жатат.

COVID-19 вирусу тамырларды гана эмес, канды коюлтары дагы белгилүү. Бул албетте кан тамырлардын катмарына таасир берет. Андыктан, коронавирустан дарылоодо канды суюлтуу жана кычкылтек менен байытуу колдонулат.

Вирустан ооруп айыккандан кийин кандайдыр бир симптомдор сакталса, сөзсүз түрдө дарыгерге көрүнүү керек.

Жүрөк-кан тамыр оорулары менен ооруган бейтаптарды COVID-19 дан кийин саламаттыгын калыбына келтирүү программасы башкалардан өтө деле айырманбайт. Ошол эле дем алуу көнүгүүсү, таза аба жана кыймыл-аракет.

Акпай Сарыбаев

— Негизи эле инфаркт, инсульт ооруларынын баштапкы белгилери кайсылар? Ал учурда эмне кылуу керек?

— Инфаркт жөнүндө айтсам, көкүрөк тушу катуу ооруйт, дем алуу начарлап, жүрөк катуу согуп, эс-учун жоготуп коюшу дагы мүмкүн. Бул белгилердин бири эле билинсе, дароо «Тез жардам» чакырып, жамбаштап жатып, ордунан турбаш керек. үйдө нитроглицерин, валокордин болсо, аны ичип алган жакшы.

Инсульттун башкы белгиси — адамдын бети асимметрия болуп, бир тарабы, колу, же буту жакшы кыймылдабай калат.

Инсульттун белгилерин билүү үчүн бул үч сөздү жаттап алыш керек: күл, сүйлө, колду көтөр.

Акпай Сарыбаев

Колун көтөрүп, күлүп, өзүнүн атын да айта албаса, анда дароо медицинага кайрылуу зарыл. Глицин берсе да болот. Андан 10-12 таблетканы дароо ичүү керек.

Фото