Жээнбековдун парламенттеги өкүлү Курманбек Дыйканбаев эки айга камалды

11:19, 27 ноября 2020, Бишкек - 24.kg

Президенттин парламенттеги өкүлү Курманбек Дыйканбаев эки айга камалды. Бул тууралуу Бишкектин Биринчи май райондук сотунан билдиришти.

Маалыматка караганда, Курманбек Дыйканбаев 24-январга чейин камакта болот.

Эскерте кетсек, Курманбек Дыйканбаевды экс-президент Сооронбай Жээнбеков парламентке өкүл кылып бекиткен.

УКМКнын маалыматында, ал парламенттик шайлоо учурунда кайсы бир мамлекеттик ишкананын жетекчисинен 7 миллион сом акчаны коркутуп алган. Ал каражатты Курманбек Дыйканбаев үгүт иштерине короткон.