09:58, 27 ноября 2020, Бишкек - 24.kg
Өткөн суткада 3 миң 388 ПЧР изилдөө жүргүзүлдү. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирет.
Маалыматка караганда, ооруканаларда 2 миң 874 бейтап дарыланууда. 402 киши айыгып чыкты.
1 миң 961 бейтаптын абалы орто оордукта, 746 бейтап — оор абалда, 115и — өтө оор абалда.
Үйдөн 3 миң 698 киши дарыланууда.
Март айынан бери 71 миң 548 киши вируска чалдыгып, анын 1 миң 256сы коронавирустан каза тапты.