Бишкекте жаңы жылдык балатынын оту 10-декабрда күйгүзүлөт

18:37, 26 ноября 2020, Бишкек - 24.kg

Бишкек шаарында быйыл жаңы жылдык концерт жана салют уюштурулбайт. Бул туурасында калаа мэри Балбак Түлөбаев Facebook баракчасы аркылуу билдирди.

Анын айтымында, символикалык түрдө балаты коюлуп, анын оту 10-декабрда күйгүзүлөт.

«Шаарды жаңы жылдык жасалгалоого 4 миллион сом керек, ал акча бюджетте жок. Анын үстүнө эпидемиологилялык кырдаал да начар», — деди ал.