COVID-19. Бишкекте бир суткада 178 адам вируска чалдыкты

10:27, 26 ноября 2020, Бишкек - 24.kg

Өлкө боюнча бир суткада 427 адам вируска чалдыкты. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда, Бишкек шаарында — 178, Ош шаарында — 17, Чүй облусунда — 94, Ош облусунда — 36, Талас облусунда — 13, Нарын облусунда — 2, Ысык-Көл облусунда — 35, Жалал-Абад облусунда — 23 жана Баткен облусунда — 28 киши вируска чалдыкты.

Кыргызстанда 71 миң 171 киши вируска чалдыкты.