COVID-19. Ооруканада жаткан 127 бейтаптын абалы өтө оор

11:43, 25 ноября 2020, Бишкек - 24.kg

COVID-19 илдетинен ооруканада 2 миң 851 адам дарыланууда. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда, ооруканада жаткан 127 бейтаптын абалы өтө оор, 794ү оор абалда.

3 миң 832 адам үйдөн дарыланууда.

Өткөн суткада 3 миң 412 ПЧР анализ жүргүзүлүп, анын 378инде вирус аныкталды.