11:55, 23 ноября 2020, Бишкек - 24.kg
2020-жылдын август-сентябрь айларына карата күйүүчү майды легалдуу жүгүртүү 22 пайызга жогорулады. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин бюджет жана финансы комитетинин отурумунда премьер-минстрдин милдетин аткаруучу Артем Новиков билдирди.
Айтымында, 2020-жылы салык процедураларын фискалдаштыруу боюнча бир нече негизги компоненттер ишке киргизилген. Мисалы, 1-июлдан тартып күйүүчү май куюу жайларында сарпталган майды автоматтык түрдө эсептөөчү система иштей баштаган.
«Натыйжада биз күйүүчү майдын легалдашуусун көрүп жатабыз. Ал эми импорт боюнча колөм 2019-жылга салыштырмалуу көбүрөөк», — деди Артем Новиков.