COVID-19. Чүй менен Бишкекте ооругандардын саны өсүүдө

10:44, 20 ноября 2020, Бишкек - 24.kg

Өткөн суткада коронавирус инфекциясына кабылган 386 адам катталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда, Бишкек шаарында — 119 жана Чүй облусунда — 118 жаңы учур катталды. Белгилей кетсек, акыркы аптада бул аймактардан коронавирустун жайылышы күч алды.

Калган аймактарда оорунун басаңдаганы белгиленет.

Ош шаарында жаңы учур аз, бир суткада 2 киши вирус жуктурду. Ош облусунда — 30 , Талас облусунду — 17, Нарын облусунда — 11, Ысык-Көл облусунда — 55, Жалал-Абад облусунда — 7 жана Баткен облусу — 27 учур аныкталды.

Март айынан бери 68 миң 702 киши вирус жуктурду.