09:40, 20 ноября 2020, Бишкек - 24.kg
Түрмөдөн жаткан 230 соттолгон жаран мунапыс менен эркиндикке чыгат. Бул тууралуу Жаза аткаруу кызматы билдирди.
Буйрукка Садыр Жапаров президенттин милдетин аткарган учурда кол койгон.
«38 соттолгон кишинин жаза мөөнөтү кыскартылды. Дагы 1 миң 800 кишинин арызы президенттин аппаратына жөнөтүлдү», — дейт Жаза аткаруу кызматы.
Белгилей кетсек, Садыр Жапаров абакта олтурган кезде 100дөгөн соттолгондорго арыз жазып, ишин кайра каратууга жардам бергенин айткан.