Дагы эки депутат суракка чакырылды

14:16, 19 ноября 2020, Бишкек - 24.kg

ИИМ Жогорку Кеңештин эки депутатын суракка чакырды. Алардын чакыруу баракчалары социалдык тармактарында жарыяланды.

Эл өкүлү Эмил Токтошев күбө катары 5 жана 6-октябрда болгон окуяларга байланыштуу чакырылып жатышы мүмкүн

Чакыруу баракчасын Рыскелди Момбеков да алды.

Буга чейин суракка Мирлан Жеенчороев менен Жанар Акаев да чакырылган.