Жанар Акаев ИИМге суракка чакырылды

09:26, 19 ноября 2020, Бишкек - 24.kg

Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев ИИМдин тергөө кызматына суракка чакыртылды. Бул тууралуу ал 24.kg маалымат агенттингине өзү билдирди.

Айтымында, эл өкүлү күбө катары тергөөчүгө 19-ноябрда келиши керек.

«Суракка эмнеге чакырып жатканы белгисиз. Божомолумда, 5-6-октябрь күндөрү болгон окуяларга байланыштуу болсо керек», — деди Акаев.