Эт менен сүт азыктарында антибиотиктер табылууда

11:18, 18 ноября 2020, Бишкек - 24.kg

Эт менен сүт азыктарына антибиотиктер табылууда. Бул тууралуу мамлекеттик ветеринардык көзөмөл башкармалыгынын жетекчиси Төлөн Ырсалиев маалымат жыйында билдирди.

Айтымында, Мамлекеттик ветинспекциясы азык-түлүккө мониторинг жүргүзүү программасы бар. «Инспекторлор азык-түлүк жана чийки заттын үлгүсүн алып, лабораторияга тапшырышат. Акыркы убакытта эт менен сүттүн курамында антибиотиктер аныктала баштады», — деди ал.

Аткаминердин берген маалыматына ылайык, учурда малды идентификациялоочу маалымат системасы иштелип чыгууда. Анын жардамы менен ветеринарларга сатылган дары-дармектерди көзөмөлгө алып, берилген рецептти кайтадан пайдаланууга бөгөт коюлат жана ветеринардык дары-дармектердин кимге, кайда сатылуусун байкап турат.