Сооронбай Жээнбеков туулган күнү менен куттуктагандарга ыраазычылык билдирди

16:40, 17 ноября 2020, Бишкек - 24.kg

Экс-президент Сооронбай Жээнбеков туулган күнү менен куттуктагандарга социалдык тармактагы баракчасы аркылуу ыраазычылык билдирди.

«Ар бириңизге чын дилимден ыраазычылыгымды билдирем. Мен үчүн айтылган ар бир каалоо-тилектериңер кымбат, өзгөчө маанилүү. Мага эмне кааласаңыздар, сиздерге да ошону каалайм. Ар бир үйдө жакшылыктар көп болсун. Бекем ден соолукта болуңуздар», — дейт экс-президент.

Сооронбай Жээнбеков 16-ноябрь күнү 62 жашка толду.