Бишкектеги мектеп окуучуларынын дээрлик үчтөн бири аралыкта билим алууга кирбейт

12:18, 17 ноября 2020, Бишкек - 24.kg

Бишкектин мектеп окуучуларынын дээрлик үчтөн бири аралыкта билим алууга камтылбайт. Бул тууралуу социалдык маселелер боюнча шаардык кеңештин туруктуу комиссиясынын отурумуна катышкан вице-мэр Айжан Чыныбаева билдирди.

Айтымында, мектеп директорлорунун берген маалыматына ылайык, окуучулардын 70 пайызы билим алууда камтылган.

«Объективдүү айтсак, окуучулардын көбү онлайн берилген материалды өздөштүрө албайт. Булар негизинен 1-4-класстарынын окуучулары, аларга интерактив керек, ал эми 9- жана 11-класстарынын окуучулары тереңдетилген билим алышы талап. Албетте, айрым үй-бүлөлөрдү интернет менен камсыздоо керек, бирок, чынын айтсак, бул маселени чечүү үчүн шаардын бюджетинде каражат жок», — деди Айжан Чыныбаева.

Вице-мэрдин маалыматына ылайык, Саламаттык сактоо министри балдарга билим берүү мекемелерин азырынча ачпоо сунушун берүүдө. «Ордо калаабызда ооругандардын саны өсүүдө. Кырдаал курчуп бара жатат. Учурда толук циклдүү № 1 жана № 6 ооруканаларын даярдап жатабыз», — деди ал.