Кыргызстанда ноябрда 157 мектеп окуучусу коронавирус жуктуруп алды

12:16, 17 ноября 2020, Бишкек - 24.kg

Кыргызстанда 157 мектеп окуучусу коронавирус жуктуруп алды. Бул тууралуу маалымат жыйында саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев билдирди.

Анын айтымында, COVID-19 7 жаштан 17 жашка чейинкилерде катталууда.

«Алар вирусту мектепте эмес, үй шартында жугузуп алышкан», — дейт ал.

Белгилей кетсек, сентябрда 48 бала, октябрда 315 бала вирус жуктурду.