COVID-19. Бир суткада жаңы 486 учур катталды

11:20, 17 ноября 2020, Бишкек - 24.kg

Өткөн суткада Кыргызстанда коронавирустун 486 жаңы учуру катталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда, Бишкек шаарында — 143, Ош шаарында — 22, Чүй облусу — 137,
Ош облусу — 32, Талас облусу — 18, Нарын облусу — 7, Ысык-Көл облусу — 42, Жалал-Абад облусу — 49
жана Баткен облусу — 36 кишиден вирус аныкталды.

Коронавируска кабылгандардын саны 67 миң 469ду түздү.