Укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин катаал мамилесинен жабыр тарткандар да бар.
Кармалгандардын арасында 15тен кем эмес журналист бар. Орусиялык «Время» басылмасынын директору, 76 жаштагы Борис Пастернак да кармалды.
Укук коргоо органдарынын кызматкерлери Минск шаарынын Пушкинская метро бекетине жакын чогулган бир нече миңдей кишини таркатуу үчүн көздөн жаш агызчу газ жана башка атайын каражаттарды колдонуп, шаарда жүрүш өткөрүүгө уруксат берген жок.
Бул арада акциянын катышуучулары күч органдарынын токмогунан каза тапкан болушу ыктымал делген Роман Бондаренконун урматына ачылган элдик мемориалдын жанында да топтолушкан.
Көп өтпөй милиция аларды кууп таратып, бир нечесин кармап, мемориалды талкалады.