12:07
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Дөөлөт Сыдыков 14 саат манас айтты

Манасчы Дөөлөт Сыдыков «Ала-Тоо» аянтында Гиннестин китебине кирүү максатындагы бир нече саатка пландалган «Манас» эпосун айтып бүттү.

Ал «Манас» эпосун 12-ноябрда эртең мененки саат 9:40та айта баштап, кечки 00:27де бүтүрдү.

Борбордук «Ала-Тоо» аянтында Манастын эстелигинин жанына бийиктиги беш метр айнектен жасалган боз үй (атайын жай) курулган. Манасчы Сыдыков ошол үйдүн ичинде отуруп токтобой, эс албай, тамактанбай, суу ичпей 14 саат 27 мүнөт бою дастанды ошол жерге чогулгандарга тартуулады.

Эң көп окулган жаңылыктар