18:04, 11 ноября 2020, Бишкек - 24.kg
Ракматилда Асаналиев арызынын негизинде Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаарынын мэри кызматынан бошотулду. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирет.
Тийиштүү буйрукка премьер-министр Садыр Жапаров кол койду.
Өкмөттүн басма сөз кызматы 24.kg агенттигине берген маалыматына ылайык, анын ордуна азырынча талапкер жок.