Президенттик шайлоо. Дагы бир талапкер БШКга арызын тапшырды

17:20, 11 ноября 2020, Бишкек - 24.kg

Аймен Касенов Борбордук шайлоо комиссиясына президенттик шайлоого катышуу үчүн арызын жолдоду.

Ачык булактарда ал тууралуу маалыматтар жок. Болгону, ал Прагадан (Чехия) билим алганы белгилүү. Аймен Касенов талапкерлигин өзү көрсөттү.

Учурда БШКга президенттикке талапкер болуш үчүн Бектур Асанов, Назарбек Нышанов, Кубан Чороев, Арстанбек Абдылдаев, Адахан Мадумаров, Канат Исаев, Бакыт Бакетаев, Абдыкаар Сыдыков, Сазыкбай Турдумалиев, Нурлан Мотуев, Рашид Тагаев жана Жеңишбек Байгуттиев, Клара Сооронкулова арыз беришти.

Жогорку Кеңештин мурдакы депутаты Садык Шер-Нияз дагы ат салышмакчы. Бирок, ал жана президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров БШКга арыз бере элек.