14:09, 11 ноября 2020, Бишкек - 24.kg
Ош шаарында "Дүйнөлүк Covid-19 кризиси учурундагы зомбулуктун пандемиясы.Тобокелчиликтер, алдын алуу, чечүү жолдору «аттуу семинар-тренинг болуп өттү. Иш-чараны «ДИА» (Демилгелүү ишкер аялдар) коомдук фонду уюштурган.
Семинарга коомдук жана аялдар кыймылынын, жалпыга маалымдоо каражаттарынын,укук коргоо кызматкерлери жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышты. Анын негизги максаты — Кыргызстандагы, Тажикстандагы жана Өзбекстандагы зомбулуктун курмандыктарын колдоо боюнча натыйжалуу түзүмдөрдү жана тутумдарды узак мөөнөттүү ишке ашырууну камсыз кылуу.
«Окутуу программасы пандемия учурунда жаралган актуалдуу маселелерди камтыйт. COVID 19 пандемиясынын гендердик теңчиликке тийгизген таасири, маалыматка жеткиликтүүлүк жана коронавирус кризисинде аялдарды колдоо боюнча жардам, маалымат каражаттарынын ролу жана аялдарга карата зомбулукту азайтуу жана алдын алуу», — дейт уюштуруучулар.
Долбоор Латвиянын Тышкы иштер министрлиги тарабынан 2020-жылы кызматташтыкты өнүктүрүү бюджетинен каржыланып, Латвия Республикасындагы MARTA борбору жана Кыргыз Республикасындагы DIA коомдук фонду тарабынан жүзөгө ашырылууда.