«Ак үй» толугу менен Жогорку Кеңештин балансына өттү

12:10, 11 ноября 2020, Бишкек - 24.kg

«Ак үй» толугу менен Жогорку Кеңештин балансына өттү. Бул тууралуу ЖК спикери Талант Мамытов билдирди.

Анын айтымында, кечээ күнү презденттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров менен сүйлөшкөн.

«Садыр Нургожоевич башка имаратта иштейм деди. Ошентип, Ак үй толугу менен Жогорку Кеңештин балансына өттү», — деди Талант Мамытов.

Спикер алгач жыйындар залы оңдолорун айтты. Иштөө үчүн шарт түзүлөрү менен парламент ак үйдө чогулат.