Садыр Жапаров 12-ноябрда маалымат жыйын өткөрөт

09:24, 11 ноября 2020, Бишкек - 24.kg

Эртең, 12-ноябрда президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров маалымат жыйынын өткөрөт. Бул тууралуу анын катчысы Галина Байтерек билдирди.

Айтымына караганда, бул жылдын жыйынтыктоочу жыйыны болот.

«Садыр Жапаров журналисттердин бардык суроолоруна жооп бермекчи. Президенттин милдетин аткаруучунун сөз эркиндигине бөгөт коюу максаты жок, болгону маалымат берүүдө журналисттер жоопкерчиликтүү болуусуна чакырат», — деди Байтерек.