07:44
USD 89.01
EUR 94.71
RUB 0.94

1 миллион доллардык келишим. Ишкер Садыр Жапаров менен байланышын четке кагат

Ишкер Абдыманап Карчыгаев Dickens & Madson Canada ишканасы менен жеке келишим түзүп, ага өкмөттүн катышы жоктугун билдирди. Бул тууралуу ал бүгүн маалымат жыйында айтты.

Абдыманап Карчыгаевдин айтымында, Dickens & Madson Canada ишканасы менен өзү келишим түзүп, инвестор тартуу аракетин көрүүдө.

«Келишимге 2-ноябрда гана кол койдук. 500 миң долларын төлөдүк. Бул кредит эмес, бизге грант түрүндө жардам берет. 600 миллион долларга коронавируска колдоо иретинде келет», — дейт ал.

Абдыманап Карчыгаев келишим түзүлгөн кезде премьер-министр Садыр Жапаров түрмөдө олтурганын белгиледи.

«2-сентябрда келишим түзүлгөн. Садыр Жапаров 5-октябрда чыкты. Садыр Жапаров менен тааныш эмес болчумун. Жакында гана аны менен жолугуп, инвестиция кирсе, коргой аласызбы деп гана сүйлөштүм. Ал мындай акча келерине ишенбейт», — дейт Абдыманап Карчыгаев.

Белгилей кетсек, кечээ кыргыз өкмөтүнүн атынан Абдыманап Карчыгаев Dickens & Madson Canada ишканасы менен келишим түзгөнү белгилүү болду. Dickens & Madson Canada АКШ, Израиль жана Сауд Арабия өлкөлөрүндө Кыргызстандын кызыкчылыгын коргоп, аталган өлкөлөрдүн жогорку жетекчилиги менен жолугушууларды уюштурат.  

Эң көп окулган жаңылыктар