COVID-19. Өткөн суткада Бишкекте үч бейтап каза болду

11:34, 06 ноября 2020, Бишкек - 24.kg

Өткөн суткада коронавирус инфекциясынан 3 киши каза болду. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, үчөө тең Бишкек шаарында набыт болду.

Март айынан бери Кыргызстанда коронавирустан 1 миң 170 киши көз жумду.