06:01
USD 84.22
EUR 93.82
RUB 0.91

Бишкектеги «Ак үйдүн» тегерегиндеги тосмону чече башташты

«Тазалык» муниципалдык ишканасынын кызматкерлери «Ак үйдүн» тегерегинлеги тосмону чече башташты.

Ал жерге келген мэрдин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаевдин айтымында, тосмону жогорку Кеңештин төрагасынын тапшырмасынан улам чечип жатышат.

«Имарат жана анын тосмосу мэриянын балансына кирбейт, бирок биз төраганын тапшырмасы менен иштеп жатабыз», — деди ал.

Айтымында, тосмону чечүү шаар бюджетине канчалык чыгым алып келээрин билбейт. Тосмону чечкенден кийин, кайда алып барып, эмне кылаарын да билбейт экен.

«Тосмону муниципалдык базалардын бирине жеткиребиз. Аны кийин кантип пайдаланаарыбызды азырынча билбейм», — деди Балбак Түлөбаев.

2010-жылдын 7-апрелинде каза болгондордун ысымдары жазылган тактаны мэрия мемориал катары калмакчы. Ал такта тагылган тосмонун бөлүгүн чечишпейт.

Эң көп окулган жаңылыктар