Жалал-Абадда интернет-клуб менен чайканаларга жаза пул салынды

10:19, 06 ноября 2020, Бишкек - 24.kg

Тыюу салынганына карабастан, Жалал-Абадда эки чайкана иштеп жатыптыр. Бул тууралуу шаар мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, инспекторлор ишине тыюу салынган объектилерди (ресторан, чайкана, мончо жана интернет-клубдар) кыдырып чыгышты. Рейд убагында эки чайкана иштеп жатканы аныкталды, алардын ээлерине жаза пул салынып, электр энергиясын жана суусун өчүрүп салышты.

Компьютердик клубдар да жаза пулга жыгылып, айрымдарынын жарыгын өчүрүп салышты.