16:27, 05 ноября 2020, Бишкек - 24.kg
Кримтөбөл Камчы Көлбаев ден соолугуна байланыштуу Бишкектеги № 47 түзөтүү абагына которулду. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, ал 2-ноябрда УКМКнын убактылуу кармоо жайынан камакка алынган жана кесилгендерге медициналык жардам көрсөтүүчү абак жайга которулган.
УКМК Көлбаевдин абактан бошоору тууралуу такталбаган кабарларды таратпоону өтүнөт.
Эске салсак, Көлбаев 22-октябрда Бишкектеги спорттук клубдардын биринде кармалган. УКМКнын маалыматы боюнча, кримтөбөл уюшкан кылмыштуу топтордун ишмердүүлүгүн аныктоо жана бөгөт коюу боюнча иш-чаралардын алкагында алынган маалыматтын негизинде колго түшүрүлгөн. Материалдар Кылмыш кодексинин 249-беренеси («Кылмыштуу топ түзүү же ага катышуу») боюнча катталган.