Бишкекте турак үй өрттөнүп жатат

11:03, 05 ноября 2020, Бишкек - 24.kg

Бишкек шаарынын Октябрь районундагы Ясен көчөсүндөгү турак үйдөн өрт чыкты. Учурда өрттү өчүрүүгө эки бөлүм тартылды. Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлап, кошумча маалымат берилерин билдирди.

Расмий маалыматка ылайык, 2020-жылдын 10 айында жалпы 2045 өрт кырсыгы катталган. Тилсиз жоонун чыгымы 473 млн. сом деп эсептелди