COVID-19. Өткөн суткада төрт бейтап каза болду

10:56, 05 ноября 2020, Бишкек - 24.kg

Өткөн суткада коронавирус инфекциясынан 4 киши каза болду. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.

Талас облусунда — 1, Бишкек шаарында — 2 жана Ош шаарында 1 бейтап набыт болду.

Март айынан бери Кыргызстанда коронавирустан 1 миң 164 киши көз жумду.