10:59, 04 ноября 2020, Бишкек - 24.kg
Жогорку Кеңеш төрагасы Канат Исаевди алмаштырмай болду. Бул тууралуу журналистерге депутаттар билдирди.
Маалыматка ылайык, Канат Исаев отставкага кетмекчи.
Анын ордуна жалгыз талапкер — депутат Талант Мамытов. Бирок ал бул маалыматты төгүндөп да, ырастап да берген жок.
«Азырынча Канат Исаев арызын жаза элек. Ошондуктан күтө туруңуздар. Ал чындап эле кетээрин анык билем», — деди Талант Мамытов.
Белгилей кетсек, Канат Исаев «Кыргызстан» партиясынан президенттикке ат салышаары маалым болду. Ошондуктан ал парламенттин спикерлигин таштап, шайлоо кампаниясына катышмакчы.