09:57, 04 ноября 2020, Бишкек - 24.kg
Өлкө боюнча өткөн суткада 495 кишиден коронавирус аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.
Маалыматка караганда, Бишкек шаарында — 150, Ош шаарында — 17, Чүй облусунда — 78, Ош облусунда — 52, Талас облусунда — 23, Нарын облусунда — 5, Ысык-Көл облусунда — 37, Жалал-Абад облусунда — 89, Баткен облусунда — 44 жаңы учур катталды.
Вирус жуктургандардын саны өлкө март айынан бери 60 миң 774 болду.