11:20, 03 ноября 2020, Бишкек - 24.kg
Коронавируска чалдыккан 3 миң 367 бейтап ооруканада дарыланууда. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.
Маалыматка караганда, алардын 1,6 пайызы, же 56 адамдын абалы жеңил. 67 пайызы, же 2 миң 265 адам орто оордукта, 27, 8 пайызы, де 937 бейтап оор абалда, дагы 109 адам өтө оор абалда.
3 миң 889 бейтап үйдөн дарыланууда.
Белгилей кетсек, март айынан бери 60 миң 279 киши вируска чалдыгып, анын 1 миң 159у көз жумду.