11:46, 02 ноября 2020, Бишкек - 24.kg
Балбак Түлөбаевдин ордуна Ысык-Көл облусунда өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлүнүн милдетин Элчибек Жантаев аткармай болду.
2014-жылдан 2018-жылга чейин ал Ак-Суу районунун акиминин биринчи орун басары болуп иштеп келген.
2018-жылдын февраль айында ошондо премьер-министр болуп турган Сапар Исаков аны Түп районунун акими кылып дайындаган.
2020-жылдын июль айында ал Ысык-Көл облусунда өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары болуп иштеген.