COVID-19. Өткөн суткада 5 бейтап каза тапты

10:42, 02 ноября 2020, Бишкек - 24.kg

Өткөн суткада коронавирус жугузган 5 бейтап каза тапты. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирет.

Бишкек шаарында коронавирустан 3 бейтап набыт болду. Баткен менен Талас облусунда вирус жугузган 1ден киши көз жумду.

Март айынан бери 59 миң 879 киши коронавируска чалдыгып, анын 1 миң 155и каза тапты.