12:05
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Өзбекстанда Green Card лотереясын толтурууну сунуштаган ортомчулар көбөйдү

АКШнын Мамлекеттик департаменти 2022-жылга карата Green Card лотереясына каттоо башталганын жарыялагандан кийин Өзбекстанда анкета толтуруу кызматын сунуштаган ортомчулар көбөйдү.

Алардын айрымдары социалдык түйүндөр аркылуу лотерея катышуучуларын издесе, башкалары туристтик агенттик катары иштеп, жарандарга Green Card анкетасын толтуруу кызматын сунуштап жатышат.

Кээ бир ортомчулар билдирмени бекер даярдап, бирок лотереядан уткан учурда бир нече миң доллар ала турганын билдиришүүдө.

«Мындай ортомчулар ондогон адамдын жеке маалыматтарын топтоп жөнөтүшөт. Эгер алардын бирөө утса, ээсине лотереяны 5-10 миң долларга сатышат. Анткени лотереянын коду ошолордо болот», — деди ортомчулардын иши менен жакындан тааныш тургундардын бири.

АКШнын Мамлекетик департаменти билдирме жөнөтүү бекер экенин эскертип, анкетаны англис тилин жакшы билбеген адам деле оңой эле өз алдынча толтура аларын билдирген.

Быйыл лотереяга билдирме жөнөтүү 7-октябрда башталып, 10-ноябрда аяктайт.

Жыл сайын дүйнө жүзү боюнча Green Card лотереясына дээрлик 10 миллион адам катышат. АКШнын Мамлекеттик департаментинин маалыматына караганда, 2018-жылы лотереяга 2,1 миллиондон ашык өзбекстандык билдирме жөнөтсө, анын 5 319у утуп алган.

1990-жылы негизделген Green Card программасынын алкагында жыл сайын 50 миңге жакын мигрант АКШда туруктуу жашоо укугуна ээ болот.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума